روابط عمومی/مرکز خبر المصطفی
#فلسطین_مظلوم 🔹بیانیه جامعةالمصطفی در محکومیت جنایت رژیم صهیونیستی در بمباران بیمارستان المعمدانی غز
#فلسطین_مظلوم
🔸ترجمه بیانیه جامعة المصطفی در محکومیت جنایت رژیم صهیونیستی در بمباران بیمارستان المعمدانی غزه به زبان قرقیزی
#Кордолгон_Палестина
🔹 Жамиат аль-Мустафанын Газадагы Аль-Маъмадани ооруканасын бомбалоодогу сионисттик режимдин кылмышын айыптаган билдирүүсү
Аллахтын аты менен
Чындыгында (силерге каапырлар тараптан) чабуул жасалып, зулумдукка учурагандар үчүн согушууга уруксат берилди. Албетте, Аллахтын аларга жардам берүүгө күчү толук жетет. (Хаж, 39-аят)
Газанын бейкүнөө жана коргоосуз калкына он күндүк ырайымсыз кол салуудан кийин сионисттик режимдин Маъмадани ооруканасына каршы сейрек кездешүүчү кандуу жана жырткычтык чабуулу бул режимдин дүйнө жүзүнүн алдында канчалык мыкаачылык экенин ачык көрсөттү.
Албетте, Америка Кошмо Штаттары менен ага кошулган бир катар Батыш өлкөлөрүнүн колдоосу жана жооптуу эл аралык институттардын сионисттик баскынчылардын кылмыштарына карата унчукпай туруулары бул ырайымсыз режимдин мындай жынаяттарга барууларында маанилүү роль ойноду.
Ал эми, коомдук пикирдин алдында сионисттердин бул колдоочулары, алардын канкордуу кылмыштарына шериктеш экенине күмөн жок.
КордолгонПалестина менен Газанын бүгүнкү көрүнүшү бүткүл дүйнө үчүн тарыхый сыноо.
Аль-Мустафа жамааты сабырдуу Палестина элине жана Ислам Үммөтүнө бул азаптуу жана кайгылуу трагедия үчүн көңүл айтуу менен бирге, бардык Ислам өлкөлөрүндөгү бүтүн мусулмандардан жана дүйнөнүн бардык эркин адамдарынан бул өзгөчө кырдаалда өздөрүнүн диний жана адамдык парзын аткарууну күтөт.
Ошондой эле, Исламий өкмөттөрдөн дагы бул баскынчы режимдин зулумдарына бөгөт коюу үчүн бардык күч жана мүмкүнчүлүктөрү менен туруштук бериши күтүлөт.
18-октябрь. 2023 ж. Аль-Мустафа Аль-Аламия коому
🌐کانال روابط عمومی/مرکز خبر المصطفی
👇👇👇
🆔http://eitaa.com/newsmiu